53 548 жаран баласына алимент төлөөдөн качып жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык комитетинин жыйынында Соттун чечимдерин аткаруу департаментинин жетекчиси Урмат Кожомбердиев билдирди.
Ал тизмеге баласына жөлөк пулду 3 айдан ашык убакыттан бери төлөбөй келгендер киргизилет.
«Алиментти убагында төлөсө ага каршы сотко арыз берилбейт. Бул тизмеге түшкөндөр өз ыктыяры менен акча төлөөдөн баш тарткандар», — дейт ал.
Белгилей кетсек, парламент депутаты Тазабек Икрамов алимент боюнча мыйзамга өзгөртүү сунуштоодо. Ага ылайык ата-энесин карабай койгон бой жеткен жарандар алимент төлөөгө милдеттентирилип, андан баш тартса жоопкерчилиги каралат.
Мыйзам долбоордо жашы жете элек балдарына алимент төлөбөй койгон ата-энелерди дагы жазалоо сунушталууда. 3 жолу соттун чечимин аткарбай, акчаны которбой койгон жарандын иши сотко өтүп, ал эркинен ажыратылышы дагы мүмкүн.
Кары ата-энесин бакпагандар абакка кесилет. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү