Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Ала-Арча суу сактагычына түшүп кеткен жигиттин сөөгү табылды
27.06.2022 | 13:38
Ала-Арча суу сактагычына түшүп кеткен жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 26-июнда Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы Ала-Арча суу сактагычына 18 жаштагы М.у Б. аттуу жигит түшүп кеткен.
“Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 10:05те алты суучул-куткаруучу тартылган. Издөөнүн натыйжасында сууга чөгүп кеткен жарандын сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом