Рэп, көгүчкөн, лыжа, автоспорт: Президенттердин хоббиси

Рэп, көгүчкөн, лыжа, автоспорт: Президенттердин хоббиси

Өлкө башчылары дагы катардагы адамдар сыяктуу эле бош убактыларында мээ сергитип, энергия топтош үчүн көңүлүнө жаккан иштери менен алектенишет. Reporter.kg президенттердин хоббилери тууралуу баяндайт.

Хоккейди сүйгөн жана зоопаркы бар Лукашенко

Беларусь президенти Александр Лукашенко хоккей жана футбол оюндарын жактырат. Кышкысын хоккей ойноп, лыжа тепсе, жайкысын футбол ойнойт. Мындан тышкары, ал жаныбарларды дагы жакшы көрөрүн жергиликтүү ЖМКларга берген маегинде билдирген. Анын айтымында, ал үйүндө төө куш, үндүк, тоок, коен, уй, жылкы, мышык жана иттерди багат. “Мен жаныбарларды жакшы көрөм, анткени жаныбарлардын арасында чоңойгом”, — деп айткан Лукашенко.

Мындан тышкары, ал бош убактысында картөшкө жана буудай эгип, талаа жумуштарын дагы жасаганды жактырат.

Көгүчкөн жана асыл тукум аттарды жактырган Елизавета II

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II асыл тукум аттарды асыроо анын хоббиси экенин айтканы бар. Кээде өзүнүн улгайган курагына карабай, ат минип сейилдегенди жактырат. Мындан тышкары, ханышанын үй-бүлөсү кабарчы көгүчкөндөрдү багат, бул салтка да айланып калган.

Поп-маданиятын жактырган Ким Чен Ын 

Түндүк Кореянын лидери бала чагынан бери батыштын поп-маданиятына кызыгат. Спорттон ал баскетбол ойногонду жактырат. Мындан тышкар ал бош убактысында өздүк жеке аралында кечелерди уюштурат.

Рэп, автоспорт жана китепке кызыккан  Бердымухамедов

Түркмөнстандын мурунку башчысы Гурбангулы Бердымухамедов ат мингенди, китеп жана ыр жазганды, ар кыл музыкалык аспаптарда ойногонду жакшы көрөт. Буга чейин гитарада ойноп, диджейлик өнөрү менен таң калтырган. Бердымухамедов өзү жазган ырларын, музыканын коштоосунда өзү аткарганды жактырат. Небереси менен рэп да окуган. Ал ар кандай темаларга арналган 40тан ашык чыгарма жазган. Анын арасында аттарга, чөп-чарларга жана килемдерге арналганы да бар.

Теннис ойногон Токаев

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев  көркөм адабиятка жана саясий мемуарларга кызыгат. Ошондой эле ал сергек жашоо образын кубаттайт. 13 жашында Казакстандын стол тенниси боюнча федерациясынын башчы болгон. Азыркыга чейин жаштар менен теннис ойноп келет.

Балык уулаганды жактырган Путин

Россиянын президенти Владимир Путин спорттун бир канча түрүн, балык уулоону, ар түрдүү техниканы башкарганды жакшы көрөт.

Анын маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин тарыхый китептерди көп окуйт. Ошондой эле, анда үй жаныбарлары бар. Өзгөчө итти жакшы көрөт.

Лыжа тээп, футбол ойногон Жапаров

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров футбол ойногонду, лыжа тепкенди жана сууда сүзгөндү жактырат. Январь айында ал «Каракол» базасында лыжа тээп, Кыргызстандагы кышкы туризмди жарнамалап, өлкөгө келип эс алып кетүүгө башкаларды чакырган эле. Ага чейин президент Бишкекте кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата арналган турнирде команда менен ойноп, мыкты оюн көрсөткөн.

Мындан тышкары президент китепти көп окуйт, айрыкча, тарыхый чыгармаларга басым жасайт. Ошондой эле, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө кызыгат.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: хобби

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>