«Улуулардын ысымдары менен»: ОГКнын мүчөлөрү Чыңгыз Айтматов чокусун багындырыштыБишкектеги фестивалда окумуштуулар космос, адам жана медицина тууралуу айтып беришетСоода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындадыЖети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталдыӨзбекстандын ЖОЖдорунда акысыз окуу үчүн кыргызстандыктарга 20 орун бөлүндүКыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүн
Быйыл «балага сүйүнчү» каражаты канча балага берилди?
27.06.2022 | 13:54
2022-жылдын 1-январына карата 149 миң балага бир жолку «балага сүйүнчү» каражаты берилген. Бул тууралуу социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, балдары бар аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдар өз убагында төлөнүп берилүүдө.
“16 жашка чейинки балдары бар 110 миң үй-бүлөнүн 364 миң баласына, пенсияга укугу жок 99 миң адамга социалдык төлөмдөр чегерилген”, – деди ал.
Жыйында “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом