Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Ала-Арча улуттук паркына туристтик борбор салынат
13.04.2023 | 21:58
Ала-Арча улуттук паркынын ичинде туристтик борборун куруу талкууланды. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 13-апрель күнү Туризм департаментинин жана Ала-Арча мамлекеттик паркынын жетекчилиги кызматкерлери менен бирге туристтик тейлөө борборун салуу максатында тийиштүү инвесторго жер аянтчаларын көрсөтүштү.
Мерчемделген туристтик тейлөө борбору кафетерий, намазкана, заманбап даараткана, туристтер үчүн маалыматтык борбор жана сувенирлерди туристтерге сунуштоо жайы сыяктуу компоненттерди камтыйт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом