Кыргызстандын кыздар курамасы Азия чемпионатынан кайтып келишти

Кыргызстандын кыздар курамасы Азия чемпионатынан кайтып келишти

Кыргызстандын кыз-келиндер арасында күрөш боюнча курама командасы Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатынан кайтып келишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, спортчулар бүгүн, 13-апрелде «Манас» эл аралык аэропортунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы курамасы Азия чемпионатында үч медаль уткан:

1-орун — Айсулуу Тыныбекова (62 кг);
2-орун — Айпери Медет кызы (76 кг);
3-орун — Калмира Билимбекова (59 кг).

Эскерте кетсек, күрөш боюнча Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>