“Ала-Арча” жаратылыш паркында асма жолдун курулушу башталды

“Ала-Арча” жаратылыш паркында асма жолдун курулушу башталды

Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркындагы асма жолдун курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, асма жол инвесторлордун эсебинен курулат. Биринчи этапта 1 чакырым жерге куруу пландалууда. План боюнча күзүндө курулуш иштери толугу менен бүтөт.

«Акыркы жылдары «Ала-Арча» паркында бир топ иштер аткарылды. Жаңы эс алуучу А-фрейм үлгүсүндө үйлөр, ресторан курулуп, эски жол толугу менен асфальтталып, жаңы жарыктандыруу орнотулду. Парктагы мейманканаларда капиталдык оңдоо иштери жүрдү.

Асма жолдун курулушу бул иштердин уландысы гана. Президенттин тапшырмасы менен туризмди өнүктүрүү жана табигый байлыктарыбызды сактап калуу негизги максатыбыз болуп саналат. «Ала-Арча» паркы азыркыдай жаратылыштын асыл мурасы гана эмес, заманбап, ыңгайлуу жана дүйнөлүк деңгээлдеги эс алуу жайына айланат», — деди Туманбаев.

Ал белгилегендей, быйыл паркка кирген автоунааларга чектөө киргизилет, азыр 2000 орундуу унаа токтоочу жай курулуп жатат. Келечекте парктын ичинде электромобилдер ишке киргизилет, бул табигаттын тазалыгын сактоого жана эс алуучуларга ыңгайлуу шарт түзүүгө жардам берет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>