Шакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен барат17-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштады
ТҮЗ ЭФИР: “Ала-Арчадагы” ЖК жыйынына Садыр Жапаров да катышууда
10.10.2020 | 18:27
Бүгүн, 10-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына өзүн өкмөт башчынын милдетин аткаруучу атаган Садыр Жапаров да катышып жатат.
6-октябрда Бишкектеги “Достук” мейманканасында чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты төрагалыктан кетүү тууралуу арыз жазган Дастан Жумабековдун арызын кабыл алып, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлашкан.
Мындан кийин өкмөт башчылыктан кетүү тууралуу арызын берген Кубатбек Бороновдун да арызын кабыл алышып, анын ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган.
Жыйынга 62 депутат катышканы айтылып, иш жүзүндө канча эл өкүлү катышып, канчасы добуш бергени белгисиз.
Бирок бул жыйынды башка саясий күчтөр таануудан баш тартышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат