Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Бишкекте эркек кишини сабап, сексуалдык зомбулук көрсөтүшкөн — шектүүлөр кармалды
10.10.2026 | 10:25

Бишкекте Гоголь көчөсүндө эркек кишиге кол салууга шектелип төрт адам кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 9-октябрда милицияга бир жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын денесине залал келтирип, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасашканын билдирген.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («Каракчылык») менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т. А., Э. А., З. А. жана К. А. аттуу жарандар кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар