Ала-Бука РИИБдин имараты оңдолуп, жардам берген ишкерлер сыйланды

Ала-Бука РИИБдин имараты оңдолуп, жардам берген ишкерлер сыйланды

Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын ички бөлмөлөрү жана сырты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, оңдоо иштери ИИМдин жана жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте 30дан ашуун жерге видеокамералар орнотулуп, РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө туташтырылган. Коомдук жайлардагы тартипти нөөмөттө турган кызматкер көзөмөлгө алып турат. Мындан сырткары бирдиктүү терезе тутумунун алкагында жарандарга сапаттуу тейлөө көрсөтүлүп келүүдө. Жергиликтүүлөр бул жайдан соттуулугу тууралуу тактамаларды облус борборуна барбастан эле ала алышат.

Ала-Бука районунун элине сервистик тейлөө көрсөтүү жана милиция кызматкерлерине түзүлгөн шарт менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев, ички иштер министри Улан Ниязбеков таанышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ремонт иштерине жакындан колдоо көрсөткөн жергиликтүү ишкерлерге ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБдин Ардак грамоталары тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу учурунда Бакыт Төрөбаев милиция бөлүмүнүн имараты заман талабына ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөндүгүн айтты. Атуулдарды кабыл алуу жайынын жана бирдиктүү терезенин иштеп жатканы элибизге көрсөтүлүп жаткан сапаттуу тейлөө катары белгиледи. Райондун эли менен болгон жолугушуу учурунда милициянын дарегине сын айтылбагандыгын, бул өздүк курамдын жана жетекчиликтин эл менен тыгыз иштешип жаткандыгынан кабар бере тургандыгын айтып өттү.

Ала-Бука райондук жеке ишкерлер ассоциациясынын башчысы Алмаз Ташанов сөз сүйлөп, РИИБдин имаратынын ремонттон өтүшү районго көрк берээрин, жаңы келген жетекчи аз убакыттын ичинде күтпөгөндөй кылып өзгөртүп койгондугун айтты.

Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков өздүк курамдын иштөөсүнө мыкты шарт түзүүлгөндүгүн белгилеп, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө чакырды. Ошондой эле атуулдарды кабыл алуу жайында жергиликтүү тургундардын кайрылууларын кабыл алды.

Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп 2022-жылдын февралында милициянын полковниги Азенбек Козукеев дайындалган. 4 айга жетпеген убакыттын ичинде милиция бөлүмүнүн ички бөлмөлөрүн жана сыртын заман талабына ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, бирдиктүү терезе, атуулдарды кабыл алуу жайын ишке киргизген. Ал буга чейин Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүн жетектеп, ал жерди да толугу менен капиталдык ремонттон өткөргөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>