Майыптыгы боюнча пенсияга чыгуу үчүн кандай документтер керек?

Майыптыгы боюнча пенсияга чыгуу үчүн кандай документтер керек?

Министрлер кабинетине караштуу Социалдык Фонду майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин жарыялады.

1) Кыргызстандын жарандары үчүн — паспорт;

— качкындын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн — качкындын күбөлүгү;

— Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашоо укугуна берилген уруксат.

2) Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК)  майыптыгынын тобун белгилөө жөнүндө корутундусу;

3) Эмгек китепчеси

4) 1996-жылдын 1-январына чейин пенсия алуу үчүн кайрылган камсыздандырылган адамдын каалоосу боюнча каалаган 60 айдагы үзгүлтүксүз иш үчүн эмгек акы  тууралуу маалымкат;

5)  пенсиялык күбөлүк алуу үчүн 3×4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт;

Эскертүү: арыздануучунун камсыздандыруу стажын тастыктоочу — окугандыгы же аскер кызматын өтөгөндүгү тууралуу иш кагаздары бар болсо кесиптик, атайын орто окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом (19.02.1999-жылга чейинки күндүзгү окуу бөлүмү кабыл алынат),  аскер билети, аялдар үчүн – балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн тапшырса болот, никени каттоо же ажырашуу жөнүндө күбөлүк, ал башка фамилияга берилген документтер болгон учурда берилет;

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: пенсия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>