Депутат: Ала-Букада алтын уурдоого милиционерлер да катышууда

Депутат: Ала-Букада алтын уурдоого милиционерлер да катышууда

Ала-Бука районунун Терек-Сай айылында милиция кызматкерлери алтын кен казуучу ишканадан алтын уурдоого аралашып жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алишер Эрбаев билдирди.

Анын айтымында, былтыр Текрек-Сай айылында алтын кен казуучу “Фулл Голд Майнинг” компаниясында каракчылык болгон.

“Бул боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол иштерге күзөт кызматынын кызматкерлери дагы аралашып жүрөт. Алтын уурдоого милиция кызматкерлери дагы катышууда. Керек болсо айтсаңыз, мен сизге видео материалдарды берем”, — деди  депутат Алишер Эрбаев.

Жыйынга катышып жаткан ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Терек-Сай айылында кет казуучу компанияда катталган кылмыштын алкагында бардык жетекчилер алмашканын айтып, эми кайра текшерүүлөр жүргүзүлөрүн жана  чара көрүлөрүн айтты.

Буга чейин 2022-жылдын 17-майында Ала-Бука районунда мыйзамсыз кен казып, уурдап жаткан жарандар кармалганы маалымдалган.

Ала-Букада кен казып уурдап жаткан жарандар кармалды

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>