Ала-Букада төрт жаран бычакталып, бири каза болду. Милиция эмне дейт?

Ала-Букада төрт жаран бычакталып, бири каза болду. Милиция эмне дейт?

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук милициясы адам өлтүрүүгө шектүү катары бир адамды жана бейбаштыкка шектүү деп беш жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-январга караган түнү болжол менен саат 01:50дө милицияга Ала-Бука райондук ооруканасынан, 27 жаштагы А.Ш. аттуу тургуну денесине учтуу нерсе менен сайылган жараатынан улам каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) жана 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Окуя болгон жерге Ала-Бука райондук милициянын жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулган жана окуяга катыштыгы барларды аныктап, тергөөгө камсыздоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлө баштаган.

Милициядан билдиришкендей, окуя Ала-Бука айылындагы «Олигарх» кафесинде болгон. Анда Ала-Бука районунун 25-30 жаштардагы тургундарынын ортосунда мушташ чыккандыгы жана Самар аттуу баланын бычак шилтеп, бир нече адамга жараат келтиргендиги такталган. Натыйжада төрт жаран денелеринен ар кандай жараттарды алышып, ооруканага түшкөн жана бирөөсү (А.Ш.) алган жараатынан улам өзүнө келбей каза болуп калган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында адам өлтүрүүгө шектүү катарында Ала-Бука районунун 25 жаштагы Ж.С. аттуу тургуну кармалып, эки айга камакка алынган.

Ал эми бейбаштыкка шектүү катарында Ала-Бука районунун 23 жаштагы Т.Б, М.Э., 22 жаштагы Ж.Д., 28 жаштагы Ж.Э. жана М.Б. аттуу тургундары кармалып, 15 күнгө убактылуу кармоочу жайга камалган.

Учурда кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында объективдүү жана толук кандуу тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Ала-Букада төрт жаран бычакталып, бири каза болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>