Ала-Букада төрт жаран бычакталып, бири каза болду

Ала-Букада төрт жаран бычакталып, бири каза болду

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда төрт жаран бычакталып, бири каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алишер Эрбаев билдирди.

Депутат окуя 16-январда болгонун айтып, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевден бул ишти көзөмөлгө алууну өтүндү.

“Бул окуя Ала-Букадагы эки айылдын балдарынын мушташуусунан улам келип чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалган. Тергөө аяктагандан кийин дагы маалымат беребиз”, — деди Н.Абдиев.

Кийинчерээк Ала-Букада адам өлтүрүүгө шектүү катары бир адам жана бейбаштыкка шектүү деп беш жаран кармалганы маалымдаган.

Окуя Ала-Бука айылындагы «Олигарх» кафесинде болгон. Анда Ала-Бука районунун 25-30 жаштардагы тургундарынын ортосунда мушташ чыккандыгы жана Самар аттуу баланын бычак шилтеп, бир нече адамга жараат келтиргендиги такталган. Натыйжада төрт жаран жаракат алып, ооруканага түшкөн жана бирөө (А.Ш.) каза болуп калган.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шектүү делип Ала-Бука районунун 25 жаштагы Ж.С. аттуу тургуну кармалып, эки айга камалган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>