Александр Смирнов: Курумдуда сөөктөр табылды — булар дайынсыз жоголгон альпинисттер болушу ыктымал

Ош облусундагы Курумду чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерге таандык болушу мүмкүн делген сөөктөр табылды. Бул тууралуу издөө операциясынын катышуучусу Александр Смирнов билдирди.
Анын айтымында, 16-августта эртең менен дрондон тартылган видеолорду көрүп жатканда, буга чейин табылган буюмдардын жанында, кар жана таш кулаган жерден сөөктөрдү байкашкан.
«Бул топтун мүчөлөрү болушу толук ыктымал. Сөөктөрдү ылдый алып түшкөндөн кийин гана ким экендигин так атоого болот, ошондуктан азырынча аттары жана толук маалымат айтылбайт. Үй-бүлөлөрү кабардар», — деп билдирди Смирнов.
Ал тоо боорунан табылган сөөктөр аркан менен байланганын белгиледи. Бул альпинисттердин бир байламда (связкада) баратканын билдирет. Издөө операциясынын жүрүшүндө ылдыйыраак жерден топтун үч мүчөсүнүн тең буюмдары да табылган.
«Топ бөлүнүп кеткен эмес, алар чогуу болушкан жана чогуу калышты. Тоо боорунда эч ким жалгыз калган эмес», — деп жазган издөө операциясынын катышуучусу.
Смирновдун айтымында, 5400 метрдей бийиктиктеги кырда кардын жаңы үзүлүп түшкөн жери көрүнүп турат. Буюмдар табылган жерлерге таянып издөөчүлөр сызган болжолдуу кулоо сызыктары дал ушул жерге барып такалат. Бул жерден төмөн карай сөөктөр байкалган жерге чейин из түшкөн.
Ошол эле учурда, кырсыктын так кандайча болгону азырынча белгисиз.
Издөө жүрүп жаткан аймакта аба ырайы кайрадан бузулгандыктан, куткаруучулардын лагери жыйналууда. Адистер тартылган бардык материалдарды изилдеп чыгып, сөөктөрдү ылдый алып түшүү операциясына даярданышы керек.
Смирнов сөөктөр табылган жер таш жана кар көчкү түшүшү мүмкүн болгон кооптуу тилкеде жайгашканын баса белгиледи. Операцияны жүргүзүү чечими куткаруучулар үчүн кооптуулуктарды эске алуу менен кабыл алынат.
Смирнов издөө иштерине катышкан Кыргызстандын ӨКМ куткаруучуларына, дрон операторлоруна, жергиликтүү тургундарга жана ыктыярчыларга ыраазычылык билдирип: «Биз аларды тирүү кезинде таап жетишпедик, бирок сиздердин жардамыңыздар менен жигиттер табылбай калган жок», — деп жазды.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын тоолорунда альпинисттер тобу жоголгон, алардын курамында Беларустун эки жараны жана Литванын бир жараны бар.
9-августта Беларустун ОНТ телеканалы билдиргендей, топ 6 614 метр бийиктиктеги Курумду чокусуна чыккандан кийин байланышка чыкпай калган. КР ӨКМи 9-августта тоолордо, болжол менен 5 000 метр бийиктикте альпинисттердин чатыры табылганын, бирок ал бош болуп чыкканын билдирген.
Курумду чокусунун бийиктиги 6 613 – 6 614 метрди түзөт, ал Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан. Бул аймак тик капталдары, мөңгүлөрү жана татаал бийик тоолуу рельефи менен өзгөчөлөнөт.
Курумду чокусуна чыгуу эң жогорку татаалдык категориясына кирет жана Памир-Алай аймагындагы техникалык жактан эң татаал жана кооптуу экспедициялардын бири болуп саналат. Узак убакыт бою бул чокуга адамдар аз барган бойдон калып келген.
Курумду чокусуна биринчи ийгиликтүү чыгуу бир нече ийгиликсиз аракеттерден кийин 2001-жылы ишке ашкан. Чоку жайгашкан аймакка альпинисттер сейрек барышат, анткени болжол менен 60 чакырым батыш тарапта жайгашкан Ленин чокусу альпинизмдин негизги борбору бойдон калууда.
Анара Мамытова