Кыргызстанда үч альпинистти издөө уланууда — эмнелер белгилүү

10.08.2026 | 11:11
Кыргызстанда үч альпинистти издөө уланууда — эмнелер белгилүү — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын тоолорунда эки Беларусь жана бир Литва жаранынан турган альпинисттер тобу жоголду. Бул тууралуу 9-августта беларустук ОНТ телеканалы билдирди.

Телеканалдын маалыматына караганда, топ 6 613 метр бийиктиктеги Курумду чокусуна чыккандан кийин байланышка чыкпай калган.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, 9-августта тоодо альпинисттердин чатыры табылган, бирок ал бош болуп чыккан. Издөө операциясы уланууда. Ага ӨКМдин атайын техника менен камсыздалган куткаруучулары, Чек ара кызматынын кызматкерлери, ошондой эле ыктыярчылар менен гиддер тартылган.

Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Виталий Семашконун айтымында, акыркы жолу радиобайланышка чыкканда топ 4-августта каттамды аяктоону пландап жатканын билдирген.

«Бирок белгиленген убакытта альпинисттер чогулуучу жайга келишкен эмес жана ушул убакка чейин алардын кайда экени белгисиз бойдон калууда. Жарандарыбыздын кризистик кырдаалга кабылганы тууралуу маалымат түшөрү менен Беларустун Кыргызстандагы элчилиги издөө иштерин уюштуруу өтүнүчү менен кабыл алуучу өлкөнүн тиешелүү органдарына кайрылды», — деди Семашко.

Беларустун альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы да кыргызстандык кесиптештерине кайрылып, жоголгон топту издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Ошол эле күнү Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов маалымат түшөрү менен дароо ӨКМ жана ИИМге кабарланганын билдирди. Мындан тышкары, альпинисттерден турган коомдук куткаруу тобу түзүлгөн.

Альпинисттерди издөө жана каражат топтоо максатында ачылган атайын сайттагы маалыматка ылайык, 1-августта топ толук курамында чокуга чыккан. Алар акыркы жолу 2-августта байланышка чыгышкан. Ал эми 4-августта экспедициянын катышуучуларын күтүп турган унаага кайра келишкен эмес.

Ошондой эле сайтта үчөөнүн тең татаал чокуларга чыгуу боюнча чоң тажрыйбасы бар экени белгиленген.

Кыргызстанда үч альпинистти издөө уланууда — эмнелер белгилүү — иллюстрация

Минск шаарынан келген 43 жаштагы Максим Полянский мурдагы СССРдин жети миң метрден ашкан беш чокусун тең багындырган альпинисттерге берилүүчү «Ак илбирс» (“Снежный барс”) наамынын ээси. Ал инженер-конструктор болуп иштейт жана радиациялык көзөмөл приборлорун иштеп чыгуу менен алектенет. Анын эсебинде мурдагы СССРдин жети миңдик беш чокусу (анын ичинде Жеңиш чокусу), ошондой эле Памирдеги Революция чокусу бар.

Кыргызстанда үч альпинистти издөө уланууда — эмнелер белгилүү — контекст события

Солигорск шаарынан 60 жаштагы Николай Свиридов да «Ак илбирс» наамынын ээси. Ал инженер жана туризм боюнча спорт чеберине талапкер. Свиридов тоо экспедицияларына катышуу жана аларды уюштуруу боюнча (анын ичинде Памирде) көп жылдык тажрыйбага ээ, ошондой эле башка альпинисттерди машыктыруу менен да алектенген.

Кыргызстанда үч альпинистти издөө уланууда — эмнелер белгилүү — фото 4

Топтун үчүнчү мүчөсү — Вильнюс шаарынан келген 37 жаштагы Сергей Рубцов. Ал альпинизм менен 2013-жылдан бери алектенет. Бул аралыкта Тажикстандагы жүрүштөргө катышып, Казбек чокусуна чыккан, Фан тоолорунда топту жетектеген жана Татра тоолорунда альпинисттик машыгуулардан өткөн. Максим Полянский жана Николай Свиридов менен бирге ал да Революция чокусуна чыккан.

Ош облусунун тоолорунда издөө операциясы уланууда. Альпинисттердин жүргөн жери азырынча аныктала элек.

Scroll to Top