Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалдыОш шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталды
Орусиялык стример Leva2k түз эфирде Кыргызстандагы Ленин чокусун багындырды
16.08.2026 | 16:10

Leva2k ниги менен белгилүү болгон популярдуу орусиялык стример Лев Богуш Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусуна чыгып, чокуну багындыруунун акыркы этабында түз алып берүү (трансляция) жүргүздү. Чокунун бийиктиги 7 134 метрди түзөт.
Колдо бар маалыматтарга караганда, бул Ленин чокусуна чыгуу процесси түз эфирде көрсөтүлгөн алгачкы белгилүү учур болуп саналат.
Чокуга акыркы көтөрүлүү 2026-жылдын 16-августуна караган түнү башталып, анын Twitch-каналында түз эфирде көрсөтүлдү. Богуш менен бирге чокуга Rostislav_999 ниги менен белгилүү болгон беларустук белгилүү стример Ростислав Протасеня да аттанган. Чокуга акыркы ирет көтөрүлөрдүн алдында алар бир нече күн акклиматизациядан (климатка көнүүдөн) өтүп, бийиктиктеги лагерлерге чыгышкан.
Чечүүчү көтөрүлүү учурунда, 6100 метр бийиктикте Протасеня өзүн начар сезгендигине жана коопсуздукту сактоо максатынан улам маршруттан кайтууга аргасыз болгон. Leva2k жогорулоону улантып, жыйынтыгында чокуга жетти.
Ал чокуга чыгуунун акыркы этабын өзүнүн аудиториясы үчүн түз эфирде көрсөттү.
Ленин чокусу Борбордук Азиядагы эң белгилүү жети миңдик чокулардын бири болуп саналат жана ал Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан. Чоң бийиктикке жана аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу, бул чокуга чыгуу олуттуу акклиматизацияны жана даярдыкты талап кылат.