Алексей Ширшов камакка алынды

Алексей Ширшов камакка алынды

«ТНК Дастан» ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшов коррупция боюнча кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекети комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК «Аврора плюс» эс алуу борборунун аймагындагы мамлекеттик менчиктен кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз алып коюу фактысы боюнча кылмыш ишин териштирип жатат.

Иштин алкагында бизнес өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүүсү боюнча фактылар аныкталып, натыйжада  кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттедж коррупциялык жолу аркылуу жеке менчикке өтүп кеткен. Ысык-Көл райондук жана облусттук сотторунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Жогорку сотунун судьяларын, ошондой эле Президенттин Аппаратынын, мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын тартуу менен Мүлк фонду жана Мамлекеттик каттоо кызматы да аралашкан.

Тергөө учурунда аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин менчигинен алуунун негизги уюштуруучуларынын бири катары буга чейин кармалган адамдардан тышкары белгилүү Алексей Ширшов экени аныкталган.

Бул топ өздөрүнүн кылмыштуу ниетин ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана сот органдарынын жогорку кызмат адамдарына акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрдү, анын ичинде «Аврора плюсту» борбордук органга өткөрүп берүү жолу менен камкордукка алынган, бул боюнча тергөөдө тиешелүү далилдер табылган.

Бул коррупциялык схеманы түзүүнүн натыйжасында Ысык-Көл облусунун рекреациялык зонасында кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин менчигинен алуу түрүндө мамлекеттин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Иште топтолгон далилдердин негизинде 2022-жылдын 10-майында Алексей Ширшов КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (Коррупция) каралган кылмышты жасаган деген шек менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мыйзамда белгиленген мөөнөттө А.Ширшовго карата айып тагылып, сот тергөө мөөнөтүнө баш коргоо чарасын тандоо маселесин карайт.

Бул иш боюнча тергөө иштери уланып, анын алкагында башка соттолуучулардын аракеттерине юридикалык баа берилип, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча комплекстүү чаралар көрүлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>