Альфа-банк Моргенштерди кызматка алды

Альфа-банк Моргенштерди кызматка алды

Альфа-Банк орусиялык рэпер Алишер Моргенштерндин жаштар иштери боюнча директору кызматын түзүп, аны жумушка орноштурган. Банктын басма сөз кызматы анын кеңсеге барып, пландаштыруучу жолугушууларга катышарын билдирди.

Анын милдети — кеминде 100 миң жаңы кардарларды тартуу.

«Алишер олуттуу иштөөгө чечкиндүү жана ал биз уят болбойбуз деп убада кылды. Моргенштерн башкалар сыяктуу эле кеңсеге барып, жолугушууларды пландаштырууга катышат жана анын жыйынтыктары жөнүндө отчет берет», — деди Альфа-Банктын Маркетинг жана коммуникация боюнча директору Алексей Гиязов.

Ал рэперди «эң карама-каршылыктуу маркетолог» менен катар чыгармачыл адам деп атады.

Басма сөз кызматы Моргенштерн  буга чейин Альфа-Банктын видеосуна тартылган тасмадан кийин 25 миңге жакын кардарларды тартууга жардам бергендигин белгилейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>