Дастан Бекешев: Кыргызстанда Салык кодексине 113 түзөтүү даярдалууда — негизгилериОш шаарында 110 орундуу медициналык борбор ачылдыКыргызстандыктар Орусиянын президентинен грант ала алышат«Ала-Арча» жаратылыш паркында от жаккан жарандарга айып пул салындыСанкциялык тобокелдиктери бар 16 компания боюнча материалдар сотко өткөрүлдүТурак үйдөн 188 миң сом уурдап кеткен. Шопоковдо 29 жаштагы шектүү кармалды
“Альфа” Кара-Кече көмүр кенинде эмне кылып жүргөнү белгилүү болду
05.10.2021 | 18:28
Кара-Кече көмүр карьеринде эч кандай коркунуч жок. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишкананын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова Reporter.kg ′ге билдирди.
Анын айтымына караганда, мекеменин жетекчиси Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөндөн кийин, Кара-Кечеде коопсуздук күчөтүлгөн.
“Кара-Кече көмүр кенинде кезек күткөн айдоочулардын ортосундагы түшүнбөстүктөргө жер бербөө жана тартипти көзөмөлдөө максатында коопсуздук күчөтүлгөн. Эч кандай кооптонууга негиз жок”,- дейт ал.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары УКМКнын «Альфа» атайын багыттагы куралчан аскерлери 5 күндөн бери Кара-Кечедеги коопсуздукту камсыздап жатканынын жазып чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом