Алимент төлөөдөн качкан 50 миңдей кыргызстандык чет өлкөлөрдө жүрөт

Алимент төлөөдөн качкан 50 миңдей кыргызстандык чет өлкөлөрдө жүрөт

Алимент төлөбөгөн Кыргызстандын 50 миңге жакын жараны чет мамлекеттерде жүрөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйында “2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып жаткан.

Жыйында депутат Гулшаркан Култаева алимент өндүрө албай жүргөн энелерден кайрылуулар түшүп жатканын айтып, алимент өндүрүү боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканына кызыкты,

Нурдөөлөт Базарбаев бул багытта Сот департаменти менен биргеликте иш жүргүзүлөрүн айтып, чет өлкөдөгү кыргызстандык жарандардан алимент өндүрүү боюнча атайын өкүлчүлүктөргө тизме жиберилерин белгиледи.

Буга чейин Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев алимент төлөбөгөн ата-эне Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси боюнча (“Ата-эненин балдарды багуудан качуусу”) жоопко тартыларын айтып: “ага ылайык, 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып төлөйт же болбосо коомдук жумуштарга тартылат” деп билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>