Жалал-Абадда ижарага алган унааны сатып жиберген адам кармалды

Жалал-Абадда ижарага алган унааны сатып жиберген адам кармалды

Жалал-Абад шаарында бирөөнүн унаасын ижарага алып, башкага сатып жиберген адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сузак районунун М.А. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын 15-декабрында Х.Э. аттуу жаранга ооз эки келишимдин негизинде “Дэу-Матиз” үлгүсүндөгү унаасын такси кызматына пайдалануу үчүн ижарага бергендигин, ал эми Х.Э. унаасын сатып жибергендигин билдирген.

Натыйжада жабырлануучуга 165 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Сузак районунун 36 жаштагы Х.Э. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда аталган иш боюнча тергөө уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>