Эки облуста алкоголь жана тамекини мыйзамсыз сатуу аныкталды

Эки облуста алкоголь жана тамекини мыйзамсыз сатуу аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы салык контролунун жүрүшүндө алкоголдук продукциялардын жана тамекилердин ири партиясын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысын аныкташты.

Салык кызматынын маалыматына караганда, натыйжада жасалма акциздик маркалар менен жана тиешелүү лицензиясы жок 4 миң 705 бөтөлкө алкоголь, ошондой эле акциздик маркасыз чет өлкөдө өндүрүлгөн 2 миң 970 куту тамеки тартып алынды.

Ишкерлерге карата Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлдү.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>