Депутаттар кесиптеши Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышын сындады

Депутаттар кесиптеши Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышын сындады

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Тазабек Икрамов жана Адахан Мадумаров кесиптеши Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышы боюнча маселени көтөрдү.

Отурумдун башында Икрамов сөз алып, президент жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

«Биздин Жогорку Кеңештин депутатына иш башкаруучунун (президенттин иш башкармалыгынын — ред.) орун басары Үсөнованын (Элмира Үсөнова — ред.) мамилесин көрдүңүздөр. 24-беренеде (Жогорку Кеңештин депутатынын макамы тууралуу мыйзам – ред. ) депутатка тийиштүү турак жай, кызматтык жай, жеке жана кызматтык унаасы, документтер текшерүүгө жана тинтүүгө жатпайт деп жазылып турат. Биз мыйзамдын чегинен чыгып кетип жатабыз. Кат бергенден кийин күтүп турушу керек болчу. Бирок андай кылбай, биздин депутаттын буюмдарын эшикке алып чыгып, таштап койду. Бүгүнкү күнү иш бөлмө бериле элек. Бул жерде бир өзүбүздү өзүбүз сыйлабагандык болуп жатат. Өткөндө Нуржигит Кадырбеков «токсонубузду алдыга коюп кууп кетип жатат» деп туура айткан. Мындай болбойт. Үсөнованы жумуштан алуу боюнча сунуш берем», — деди ал.

Ал Конституцияда бийликтин башкы булагы эл экени жазылганын жана элдин атынан президент менен Жогорку Кеңештин депутаттары сүйлөй ала турганын белгиледи.

«Бул жерде депутатты сүйлөтпөй коюу шайлоочуларды, кыргыз элин сүйлөтпөй коюу болуп саналат. «Кыргыз эли бар болсун, оозу-мурду жок болсун» дегенге бара жатабызбы?! Мыйзам чегинде иш алып баралы», — деди ал.

Ушул эле маселе боюнча депутат Адахан Мадумаров сөз сүйлөп, кесиптеши Тазабек Икрамовду кубаттады.

«Кесиптешибиз Тазабек Икрамов көтөргөн маселе жөнөкөй маселе эмес. Бул конституциялык, Жогорку Кеңеш менен аткаруу бийлигинин ортосундагы, Жогорку Кеңештин мамлекеттик башкаруудагы орду жөнүндөгү маселе. Депутат Бакиров жагабы-жакпайбы ал экинчи маселе. Депутат Бакиров – элдин добушун алып келген эл өкүлү. Анын макамы бар. Ал макамга ылайык, биздин кесиптешибиздин иш бөлмөсүнө кирип тинтүү эмес, иш бөлмөсүн ачууга эч кимдин укугу жок», — деди ал.

Мадумаров сөзүн улай, парламенттин имараты президенттин иш башкармалыгынын эмес, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонудунун балансында турарын белгиледи.

«Урматтуу кесиптештер «мага тийбесе болду» дегенибиздин жыйынтыгы ушуга алып келди. Биз өз ордубузду ордуна коюмоюнча, биз менен эч ким эсептешпейт деп биринчи күндөн бери айтып келе жатам. Конститиция, мыйзамдар тебеленип жатат. Конституция, мыйзамдарды бузуу боюнча Жогорку Кеңеш рекордчу болду. Биз кесиптешибиздин кадыр-баркын, конституциялык макамын коргой албасак, шайлоочулардын укугун кантип коргойбуз?!», — деди ал.

Андан кийин ал Бакиров менен Камчыбек Ташиевдин кайым айтышы тууралуу сөз кылды.

«Эгерде сен мага жаксаң, мени колдоп жатсаң бардык нерсеге уруксат дагы, каршы пикир айтып койсоң, «мен сага көрсөтөм, кандай шайланып келгениңди билем» деп… Кандай шайланып келгенин… бир жылдан бери оозуңарга талкан салып алдыңар беле? Мага жакса бир мамиле, жакпаса башка мамиле деген позицияны токтотушубуз керек», — деди ал.

Мадумаров аталган маселени жөн калтырбаш керектигин белгиледи.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткет. Андан кийин Ташиевге депутат Фархат Исмаилов болушуп, ал менен менен Өмүрбек Бакиров мушташып кете жаздаган.

Эртеси, 18-ноябрда депутат Өмүрбек Бакировдун атына президенттин иш башкармалыгынан иш бөлмөсүн бошотуу тууралуу кат келип, депутаттын буюмдары сыртка чыгарылган.

Депутат Бакировду президенттик аппарат иш бөлмөсүнөн чыгарды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>