Кыргыз ишкери 3 айдан бери Алматыда камакта отурат. Акыйкатчы казакстандык кесиптешине кайрылды

Кыргыз ишкери 3 айдан бери Алматыда камакта отурат. Акыйкатчы казакстандык кесиптешине кайрылды

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Казакстандын акыйкатчысы Артур Ластевге Алматыда укук коргоо органдары тарабынан кармалган Кыргызстандын жараны, ишкер Эрмек Маркабаевдин укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Жаманбаева эки өлкөнүн Акыйкатчы институттарынын ортосунда кол коюлган кызматташуу жөнүндө меморандум бар экенин белгилеп, кесиптешин Кыргызстандын жаранынын укугун коргоого көмөк көрсөтүүгө чакырган.

Белгилүү болгондой, буга чейин Акыйкатчы институтуна Эрмек Маркабаевдин Жылдыз аттуу жакыны кайрылып, бир тууганынын укугун коргоону жана аны мекенине кайтарып келүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган.

Эрмек Маркабаев Алматы шаарындагы ири базарлардын бири болгон «Алтын Ордо» базарынын аткаруучу директору болуп саналат. Ал 2023-жылы 2-июнда Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Маркабаев ошол учурдан бери камакта кармалып келет.

Жактоочу берген маалыматка таянсак, Казакстандын полиция кызматкерлери Эрмек Маркабаевди мыйзам бузуу менен кармашкан. Социалдык тармактарда аны кармоо маалындагы видео жарыяланган. Жактоочунун айтымында, видеодо Маркабаевдин чөнтөгүнө майдаланган нерсе оролгон зат салып жатышкан учур көрсөтүлөт.

«Акыйкатчы институту Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) Алматы шаарында кармалган Кыргызстандын жаранынын укугун коргоону камсыз кылууга чакырган билдирме жөнөттү. ТИМ өз кезегинде алар тараптан укуктук жана консулдук жардам көрсөтүш үчүн чаралар көрүлүп жатканын, ошондой эле дипломатиялык жактан тиешелүү ноталар жиберилгенин билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугунун кызматкерлери Маркабаев менен жолугуп, сүйлөшүшкөн.

«Маркабаев Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү менен сүйлөшкөн маалда, ага чындап эле баңгизатты чөнтөгүнө салып коюшканын, ал аракет базардын («Алтын Ордо» базарынын – ред.) 20%ын тартып алыш үчүн коркутуу, кысым көрсөтүү максатында жасалганын айткан», — деп билдирет Акыйкатчы институту.

Акыйкатчы казакстандык кесиптешине 5-сентябрда расмий кат жөнөтүп, 8-сентябрда кат Казакстандын Акыйкатчы институтунун тиешелүү кызматкерлерине тапшырылган.

13-сентябрда Казакстандын Акыйкатчы институтунан өз ыйгарым укуктарынын чегинде алар Казакстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына Кыргызстандын жараны  Эрмек Маркабаевдин укуктарын сактоо талабы менен кат жөнөтүшкөнүн маалымдашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>