УКМК: Июнь окуясында сепаратисттерден качкан элге кол салгандар кармалды (видео)

УКМК: Июнь окуясында сепаратисттерден качкан элге кол салгандар кармалды (видео)

2010-жылдын июнь айында массалык баш аламандыктарды жана Жалал-Абад шаарынын тургунун өлтүрүүнү уюштурган Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, шектүү катары Сузак районунун 6 тургуну – 43 жаштагы К.Х.М., 51 жаштагы А.А.А., 62 жаштагы К.П.Т., 58 жаштагы А.А.А., 65 жаштагы М.А.И. жана 52 жаштагы К.Ш.Т. кармалды. Алар 12-сентябрда колго түшүрүлгөн.

«Кармалган жарандар (2010-жылы июнь айында) Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери болуп, массалык баш аламандыкка чакырып, жол тосууларды уюштуруп, сепаратисттер көзөмөлдөгөн аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган карапайым элге кол салышканы аныкталган. Ошондой эле, кармалгандардын бири Жалал-Абад шаарынын 1962-жылы туулган тургуну Т.З.К. аттуу жаранды өзгөчө мыкаачылык менен, аталган посттордун биринде өлтүрүүгө катышканы аныкталды», — деп билдирет УКМК.

Кайрадан козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

«УКМК тарабынан 2010-жылдагы июнь окуясынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-издөө иштери улантууда», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>