Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Алматыда эки буту сынган кыргызстандык Бишкекке келе жатат
20.01.2022 | 11:40
Кармалгандан кийин Алматыда табылган кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков Бишкекке алынып келинип, шашылыш операция жасалат. Бул тууралуу Reporter.kg маалымат агенттиги Тышкы иштер министрлигинен тастыктады.
Сыдыковдун Алматыдагы тополоңдо жоголуп кеткенин анын эжеси социалдык тармактарга жазып чыккан. Кыргызстандын Алматыдагы консулдугунун кызматкерлери издөө иштерин баштап, жаранды ооруканадан табышкан. Анын эки буту жана кабыргасы сынган. Ал маегинде Алматы-Бишкек жолунда кармалып, сабалып, андан соң ооруканага жеткирилгенин айткан.
Казакстан: Кыргыз жаранынын эки буту менен кабыргасы сынган (видео)
Рубрики: Жаңылыктар, Коом