Г. Айтиев атындагы музейде Бишкектин тарыхына арналган лекция өтөт

14.08.2026 | 17:28
В музее имени Г. Айтиева пройдет лекция об истории Бишкека — Новости Кыргызстана

15-августта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Шаар-бакча: баштапкы Бишкек тарыхы» аттуу лекция уюштурулат. Бул тууралуу Маданият министрлиги жарыялады.

Лекцияда Пишпек шаарынын алгачкы көчөлөрүнүн түзүлүшү, андагы сугат системасынын өзгөчөлүктөрү жана идеалдуу шаарлардын моделдери тууралуу маалымат берилет. Катышуучулар Бишкектин тарыхый архитектурасын бүгүнкү көрүнүшү менен салыштырып, борбор калаанын өнүгүү жолун талкуулашат.

Лекция саат 13:00дө башталат. Аны музейдин кенже илимий кызматкери Мунара Абдукахарова өткөрөт. Иш-чаранын узактыгы 40–50 мүнөт. Кирүү акысы 300 сомду түзөт, билеттерди музейдин кассасынан сатып алууга болот.

Иш-чара Салттуу кол өнөрчүлүк борборунун «Деталдан шыктануу» аттуу жайкы программасынын алкагында өтөт.

Scroll to Top