“Алтын Балалык” борборуна 200 бала эс алууга жөнөп кетти (видео)

“Алтын Балалык” борборуна 200 бала эс алууга жөнөп кетти (видео)

Бишкек шаарынан кечээ, 10-июнда жалпы эки жүз бала Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоо жана  реабилитациялык борборуна эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министрдин милдетин убактылуу аткаруучу Жаркынбек Касымбеков ата-энелер менен баарлашып, өз сөзүндө борборго келип эс алып жаткандарга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Ал эми жаш балдарга көңүлдүү эс алуу жана ак жол каалап, ошону менен биргеликте коопсуздук эрежелерин так сакташ керектигин эскертти.

«Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборуна ден соолугунда көйгөйү бар балдар дарыгердин жолдомосу аркылуу, ал эми ден соолукту чыңдоо лагерине калктын аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу тизмеге киргизилет.

Ушул жылдын 1-июнь күнү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Алтын балалык» реабилитациялык борбору ачылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>