Шок болдум: Түркияда таксиде көз жарган кыргызстандык келин окуя тууралуу айтты

Шок болдум: Түркияда таксиде көз жарган кыргызстандык келин окуя тууралуу айтты

Түркиянын Анталия провинциясынын Кепез районунда кыргызстандык келин таксиде көз жарды. Бул тууралуу түркиялык ЖМКлар жазышты.

Маалым болгондой, 31 жаштагы Самара Сатылмыш такси менен төрөтканага чейин жеткен, бирок медайымдар төрөттү унаанын ичинде кабыл алууга туура келген.

“Мен азыр абдан толкунданып турам. Чынын айтканда шок болдум. Таксиде төрөйм деп эч ойлогон эмесмин. Мени такси менен ооруканага чейин алып келишти. Таксиден ооруканага алып барууга аракет кылышты, бирок майнап чыккан жок. Медайымдар төрөттү унаанын ичинде кабыл алышты. Бул окуя заматта болуп кетти. 2-3 саат кыйналам деп ойлогом, андай болгон жок”, — дейт Самара Сатылмыш.

Анын 37 жаштагы жолдошу Бурак Салтымыш таксистке ыраазычылык билдирди.

“Алгач тез жардам кызматын чакырайын деп ойлодум, бирок такси менен барууну чечтик. Мен дагы шок болуп калдым. Төрөт мынча бат башталып кетет деп ойлогон эмесмин. Таксистке ыраазычылык билдирем. Кызыма көзү  өтүп кеткен апамдын Айша деген ысымын ыйгардым. Мен абдан бактылуумун”, — деди ал.

Ал эми таксинин айдоочусу ымыркайдын анын автоунаасында жарык дүйнөгө келиши кереметтүү окуя экенин билдирген.

Тэги: Түркия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>