Таластын тургуну “Хизб ут-Тахрир” уюмунан чыкты (видео)

Таластын тургуну “Хизб ут-Тахрир” уюмунан чыкты (видео)

Талас шаарынын тургуну диний-экстремисттик көз караштан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК диний-экстремистик жана эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алууга жана токтотууга багытталган иш-аракеттердин алкагында, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган ДЭУнун мүчөлөрүн жана тарапкерлерин ынандыруу боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлдү.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Талас шаарынын тургуну С.Ч.Т., тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүү менен, зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Белгилей кетсек, С.Ч.Т., 2012-жылы белгисиз эмиссарлар тарабынан “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун катарына алынып, үгүттөө жана тыюу салынган адабияттарды таратуу менен алектенген.

УКМК мыйзамсыз экстремисттик жана террористтик аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Талас

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>