Чолпон-Атада С.Жапаровдун катышуусунда «Алтын балалык» борбору ачылды

Чолпон-Атада С.Жапаровдун катышуусунда «Алтын балалык» борбору ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда  Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын балалык» реабилитациялык борборунун ачылыш аземине катышты.

Ачылыш аземге Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов, жергиликтүү бийликтин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Өлкө башчы өз сөзүндө борборду Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгаштыруу климаттык жана бальнеологиялык шарттарды эске алуу менен тандалып алынып, балдардын ден соолугун калыбына келтирүүгө жана чыңдоого багытталганын белгиледи.

«Реабилитациялык борбордун курулушу 20 жыл мурун башталып, ошол бойдон аяктабай келген. Ушул жылдын март айында борбордун абалы менен жеке таанышып, мекеменин курулушун бүтүрүү тапшырмасын бергем. Учурдан пайдаланып курулушка салым кошкон мекендештериме жана министрге да ыраазычылык билдирем. Эми бул борбордо 250 бала жана 250 чоң кишини кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү», — деди президент.

Борбордо ортопедиялык, кардиологиялык, аллергологиялык, пульмонологиялык, хирургиялык жана неврологиялык оорулары бар балдарга реабилитациялык жардам көрсөтүлүүчү балдар соматикалык оорулар бөлүмү жайгашкан.

Медициналык реабилитациялык борбор 2000-жылдары курула баштаган. Бирок, каражат маселесинен улам токтоп калган.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, буга чейин 2 бөлүм ишке киргизилип, 5 баланын жүрөгүнө операция жасалган. 

Имараттын бир бөлүгүн араб өлкөлөрүнүн фонду, экинчисин “Кумтөр” ишканасы курду. Мындан сырткары, демөөрчүлөрдөн, кайдыгер эмес жарандардан жана бардык каалоочулардан каражат тартуу үчүн кайрымдуулук марафон дагы өткөн.

Садыр Жапаров мамлекет башчысынын фондунан 3 миллион сом бөлгөн. Мындан сырткары, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин атынан 3 млн сомго сертификат тапшырган. 

Комплекстин жалпы аянты 19,5 миң чарчы метрди түзөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>