Ала-Бука: Алтын кен шахтасындагы адам өлүмүн комиссия иликтейт

Ала-Бука: Алтын кен шахтасындагы адам өлүмүн комиссия иликтейт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Экологиялык жана техникалык коопсуздук кызматына Иштамберди кенинде жайгашкан Full Gold Mining компаниясынын алтын кен шахтасындагы көмүр кычкыл газы менен уулануунун себептерин талдап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Окуянын келип чыгуу себептерин тыкыр иликтеп чыгуу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине объектидеги коопсуздук техникасынын сакталышы жана аны камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды. Мындан тышкары, ведомствого кен казуу иштерин жүргүзүүдө өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды кыйшаюусуз сактоо боюнча чечимди министрлер кабинетинин жыйынына киргизүүсү тапшырылды.

Төрөбаев каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы шахтадагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери анын жеке көзөмөлүндө экенин билдирди.

Ошондой эле белгилей кетсек, Full Gold Mining компаниясы курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөсүнө тийиштүү жардамды көрсөтөт.

Эскерте кетсек, Ала-Бука районунда алтын казган компаниянын шахтасында 2 адам газга ууланып каза болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>