Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Алтынбек Деркембаев спикердин басма сөз катчысы болуп дайындалды
14.10.2022 | 17:08
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин басма сөз катчысы болуп Алтынбек Деркембаев дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Алтынбек Деркембаев журналистика тармагында чоң тажрыйбага ээ. Ал буга чейин Улуттук телерадиокомпаниянын «Ала-Тоо» маалымат программасында, президенттин жана өкмөттүн басма сөз кызматтарында эмгектенип, ЭлТР телеканалынын көркөм жетекчиси, Чүй облустук СТВ телерадиокомпаниясынын директору, NewTV каналынын башкы продюсери болуп иштеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар