Астана: КМШнын өлкө лидерлери кандай унаалар менен келишти?

Астана: КМШнын өлкө лидерлери кандай унаалар менен келишти?

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын жыйынына өлкө лидерлери кандай унаалар менен келгенин жергиликтүү телеканал көрсөттү.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Maybach 62S же Maybach Guard деп аталган брондолгон унаа менен келгенин көрүүгө болот.

Maybach 62S унаасы биринчи жолу 2006-жылы Пекиндеги автосалондо көрсөтүлгөн. Унаа 550 аттын күчүндөй кыймылдаткыч менен жабдылган. Күч блогунун иштөө көлөмү 5,5 литр.

Орусиянын президенти Владимир Путин Aurus Senat лимузининен түштү. Узун Aurus Senat корпусу жана айнеги жарандык унаалар үчүн максималдуу VR10 стандартына ылайык брондолгон.

«Президент менен бирге жеке унааларын алып жүрүшөт, бул маселе алардын стратегиялык коммуникациялар менен жабдылганына байланыштуу, алар коопсуздуктун бардык зарыл критерийлерине жооп берет, ошондуктан президент Федералдык коопсуздук кызматы башкарган унааларды колдонот», — деди Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Армениянын премьер-министри, ошондой эле Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Беларустун президенттери Mercedes-Benz Maybach S-Class үлгүсүндөгү унаалардын ар кандай түрүнөң түшүп баратканын көрүүгө болот.

Ал эми Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы Mercedes-Benz Maybach S-Class үлгүсүндөгү унаасы менен келген.

Эл аралык люкс унаа дүйнөлүк коомчулуктун алдына 2017-жылдын апрель айында Шанхайдагы эл аралык автосалондо чыккан. Эң көп заряддалган версия индекси S650 болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>