Садыр Жапаров Аскердик институтту күтүүсүз текшерүүгө алды

Садыр Жапаров Аскердик институтту күтүүсүз текшерүүгө алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, К. Усенбеков атындагы Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтун күтүүсүз текшерүүгө алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өлкөнүн жогорку аскердик окуу жайынын ишмердүүлүгү жана абалы, окуу процессинин уюштурулушу, аскер кадрларын даярдоо методикасы, аскердик кызматтын коопсуздугу жана курсанттардын социалдык-турмуштук шарттары менен таанышты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, профессордук-окутуучулук курамдын жогорку кесиптик билимин жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу, аскердик уставдын талаптарын так сактоо жана аткаруу, ошондой эле, Аскер институтунун курсанттарынын социалдык-турмуш шарттарын жакшыртуу маселелерин тез арада чечүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>