Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Алымкадыр Бейшеналиев 2021-жылы канча киреше тапкан?
03.01.2023 | 12:33
Салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген жарандардын 2021-жылдагы декларациясын жарыялады.
Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев декларациясында көрсөткөндөй, ал 2021-жылы 405,8 миң сом киреше тапкан.
Андан тышкары анын ээлигинде 35,75 жана 6 сотых эки жер тилке, 81, 67,5 жана 34 чарчы метр болгон үч батири жана Toyota Land Cruiser унаасы бар.
Ал эми анын туугандарында Lexus RX 300 унаасы бар экени көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматы 2020-жылы октябрь айн келип, 2022-жылы август айында иштен алынган.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом