Эки күндө 43 жол кырсыгы болуп, 4 адам каза тапты

Эки күндө 43 жол кырсыгы болуп, 4 адам каза тапты

Ички иштер органдарынын жалпы кызматкерлери республика аймагында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында кызматын улантууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

«Жыл башталганы эки күн ичинде республика аймагында нөөмөт бөлүмдөрүнө жалпысынан миңден ашык кайрылуу-билдирүүлөр түшүп, анын отуздан ашыгы Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. 43 жол унаа кырсыгы катталып, анын кесепетинен 4 адам каза болуп, 68 адам ар кандай жаракаттарды алды. Оор жана өтө оор кылмыштар жок. Республика аймагында коомдук саясий абал тынч», — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери тарабынан облус жана шаарларда тартипти, мыйзамдуулукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштери улантылууда. Кайтаруудагы имараттар, мекемелер, коомдук жайлар, соода түйүндөрү жана эс алуу жайлары көзөмөлгө алынган.

«Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарына алып келиши мүмкүн болгон жол кыймылынын эрежелерин одоно бузгандарга, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга карата катуу чаралар көрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>