«Манас» университети мыйзамсыз курулуш боюнча айыптоолорго жооп берди — кененирээкМанасчы, бүркүттөр жана боз үйлөр: Грузиянын премьер-министрин Ысык-Көлдө кандай тосуп алышты — сүрөтЕкатеринбургдагы жол кырсыгы: Кыргызстандык айдоочу буга чейин жол эрежесин алты жолу бузганБорбордук Азияда Эль-Ниньодон улам нөшөрлөгөн жаан жана жер көчкү коркунучу бар — ДМӨКыргызстандык Соттук-эксперттик кызматтын эксперттери Казакстанда стажировкадан өтүштүОрусияда кыргызстандык кармалды — жол кырсыгын жасаган деп шектелүүдө, каза болгондор бар
Анголада уникалдуу кызгылт алмаз табылды
28.07.2022 | 23:37
Бул уникалдуу кызгылт алмаз Анголадагы Луло шахтасынан табылган. “Lulo Roses” деп аталган таштын салмагы 170 карат. “Бул алмаз акыркы 300 жылда дүйнөдө казылып алынган эң чоң кызгылт алмаз болушу мүмкүн”. Бул тууралуу Анголанын мамлекеттик ишканасы менен бирдикте Лулодогу кенди иштетип жаткан Лукапа Даймонд компаниясынын өкүлү билдирди.
“Луло розалары” эл аралык аукциондо сатыкка коюлат.
Эксперттер алмаз кесилгенден кийин салмагынын жарымына чейин жоголот деп эсептешет. Натыйжада аны 2017-жылы аукциондо 71,2 миллион долларга коюлган 59,6 караттык Pink Star Pink Diamond менен салыштырууга болот.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар