Антикризистик планды иштеп чыгууга канча каражат бөлүнгөн?

Антикризистик планды иштеп чыгууга канча каражат бөлүнгөн?

Антикризистик планды иштеп чыгууга 126 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги адамдык өнүгүү форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Ал белгилегендей, акыркы мезгилдеги дүйнөгү окуялар жана эл аралык рыноктордогу туруксуздук Министрлер Кабинетин амбициялуу программаны кайра карап чыгууга жана тышкы таасирлерди жумшартуу жана жеңүү боюнча антикризистик планды иштеп чыгууга мажбур кылып, ага 126 миллиард сомдон ашык каражат каралган.

«Акыркы 30 жылда чогулган каражаттар бюджетти колдоого, транспорт жана энергетика тармагына жумшалды.  Эми бюджетти колдоо үчүн чогулган каражатты адамдык өнүгүүгө – билим берүү менен саламаттыкты сактоого, социалдык тармакка багыттайбыз. Транспорт жана энергетика тармана биз жеке инвестициялар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатабыз, буга бардык зарыл шарттар түзүлөт», — деди Жапаров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жапаров

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>