Тыштан келген гумжардамдар боюнча отчет талап кылуу демилгеленди

Тыштан келген гумжардамдар боюнча отчет талап кылуу демилгеленди

Бүгүн, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Эл аралык чукул жардам жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралды.

Алсак, аталган мыйзам долбоору Нуржигит Кадырбеков, Султанбай Айжигитов, Динара Ашимова, Акылбек Түмөнбаев, Айсаракан Абдибаева, Винера Раимбачаева жана Тазабек Икрамов тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Нуржигит Кадырбеков белгилегендей, Кыргызстанга жөнөтүлгөн эл аралык чукул жардамды бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуу максатында, өзгөчө кырдаалды жоюу жана баштапкы калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык чукул жардам көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан кийин 6 (алты) айдын ичинде Министрлер кабинетинин расмий сайтына “Кыргызстанга келип түшкөн эл аралык чукул жардамды пайдалануу жөнүндөгү” отчетту жарыялоону милдеттендирген ченемди киргизүү сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Эмил Жамгырчиев сунушту колдой тургандыгын айтып, бирок жардам берген тараптын да пикирин эске алууга чакырды.

Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева отчет берилбей калса, кандай жаза чаралары караларына кызыкты.

Өз кезегинде депутат Нуржигит Кадырбеков милдеттендирген гана чечим кирип жатканын белгилеп, жаза чарасы боюнча сунушту карап чыгышарын кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>