Дубайдын полициясы Анжеликага кымбат саатын кайтарып берди

Дубайдын полициясы Анжеликага кымбат саатын кайтарып берди

Дубайдын полициясы бир жыл мурда эс алууга келип, 110 миң дирхам (дээрлик 30 миң доллар) турган саатын мейманканада жоготуп алган кыргызстандык туристке саатын кайтарып берди. Бул тууралуу Дубайдын полициясы билдирди.

Белгилүү болгондой, кыргызстандык турист ырчы Анжелика болгон.

Полициянын маалыматы боюнча, турист аэропортко чыгып бара жатып, саатын мейманканада жоготуп алган. Ал саатын жоготуп алганын мекенинде (Кыргызстанда – ред.) болгон жол кырсыктан кийин билген. Ал саатын окуя учурунда жоготуп алганын ойлогон.

Жоголгон саат тууралуу маалымат полицияга мейманканадан келип түшүп, алар кыргызстандык турист саатын калтырып кеткенин билдиришкен. Мейманканага келгенде каттоодон өткөн номер туристтик агенттикке таандык болгондуктан, полиция сааттын ээси менен дароо байланыша алган эмес. Иликтөөнүн жүрүшүндө полиция анын байланыш номерин, социалдык баракчадагы аккаунтун таап, байланышууга аракет кылганы менен майнап чыккан эмес.

Бирок бир жылдан кийин кыргызстандык турист Дубайга кайтып келгенден кийин полиция ага саатын кайтарып берген.

Полиция билдиргендей, кыргызстандык турист саатын кайра таап аларына үмүттөнгөн эмес. Андыктан саатынын табылышына таң калып, полицияга ыраазычылык билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>