Апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды?

Апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды?

Ушул жылдын 3-апрелинен 8-апрелине чейин Кыргызстанда бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Reporter.kg апта ичинде кызматка дайындалган жетекчилерди тизмектеди.

Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт департаментинин директору болуп Айбек Абдымомунов дайындалды.

Мурдагы жетекчи Канат Шабданбаев кызматтан кетти.

Буга чейин Абдымомунов Спорттук курулуштар жана спортту колдоо департаментинин директору болуп иштеген.

Нуртазин Жетыбаев «Кыргызалтын» Ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү болду.

Нуртазин Жетыбаев 1966-жылы 10-октябрда Кара-Балта шаарында туулган. 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтун «инженер-куруучу» адистиги боюнча аяктаган.

Буга чейин, Нуртазин Жетыбаев 2022-жылдын июнунан тартып, 2023-жылдын январына чейин министрлер кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору кызматын аркалаган.

Азиз Эсенов Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун директору болуп дайындалды. Буга чейин Жол фондун Бекназар Базаралиев жетектеп келген. Ал өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Азиз Эсенов 1977-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында туулган.

1994-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин “коммерция” багытында бакалавр, 2016-2018-жылдары Нарын мамлекеттик университетинде “менеджмент” багытында магистрдик билимге ээ болгон.

Эмгек жолун 1999-жылы каржы бөлүмүндө катардагы кызматкерден баштаган Азиз Эсенов Бишкек шаарынын Свердлов районунун каржы бөлүмүнүн башчысы, Кочкор районунун акиминин орун басары, “IGM Group” ЖЧКсынын башкы директору жана бир топ кызматтарды аркалаган.

Тилек Салыков жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тилек Салыков 2022-жылдан бери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Укуктук-ченемдик камсыздоо башкармалыгын жетектеп келген.

Буга чейин жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары кызматын Канатбек Садыков аркалап келген.

Тимур Өмүрчиев ММК фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын директору болуп дайындалды.

Тимур Өмүрчиев 1985-жылы 21-октябрда Бишкек шаарында туулган. Жогорку юридикалык билим, бухгалтердик эсеп жана аудит тармагында билим алган. Кыргыз улуттук жана Кыргыз-Орус Славян университеттерин бүтүргөн – саясат таануучу.

Акыркы беш жылда, 2018-жылдан бери Президенттин Аппаратында ар кандай бөлүмдөрдө, анын ичинде саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо бөлүмдөрдө эксперт болуп иштеп келген.

Бекболотов Акжолтой Бекболотович Кинематография департаментинин директору болуп дайындалды.

Акжолтой Бекболотов 1983- жылы 8- сентябрда Нарын облусунда төрөлгөн. 2002-2007- жылдары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Коммуникация” факультетинин “Радио, ТВ жана Кино” кафедрасын артыкчылык диплому менен аяктаган.

Акжолтой Бекболотов 16 жылдан бери кыргыз киносунда эмгектенип келет. Ал 20 ашык кыскаметраждуу даректүү, 10 ашык кыскаметраждуу ойномо, 15 ашык фильмдердин продюсери болгон. “Курманжан Датка” тарыхый-эпикалык көркөм фильминин 2-оператору, “Көргүм келет”, “Асман алдында”, “Атанын керээзи”, “Дарак ыры”, “Шамбала”, “Эрмен жыты” “Арно” сыяктуу толукметраждуу көркөм фильмдердин коючу-оператору болуп иштеген. Анын операторлук иштери жогорку көркөмдүк деңгээли жана кесипкөйлүгү менен айырмалангандыктан, жогоруда аталган фильмдер эл аралык абройлуу кинофестивалдарда “мыкты оператор”- байгелерин ээлеген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>