Президент өлкөгө келген туристтерге жакшы мамиле кылууну өтүндү

Президент өлкөгө келген туристтерге жакшы мамиле кылууну өтүндү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-июнда жайкы туристтик сезон башталгандыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Туристтик сезон башталды. Күн өткөн сайын өлкөбүзгө, Ысык-Көлүбүз болобу, борбор калаабызгабы же башка аймагыбызгабы, айтор, Кыргызстанга туристтердин агымы көбөйөт. Ар кыл божомолдор боюнча да быйыл туристтердин агымы өзгөчө жогору болору күтүлүүдө.

Туризм мамлекеттик казынаны толтуруунун олуттуу бир булагы боло алат. Бул мамлекетке эле эмес, туристтерге кызматын көрсөтүп ар кыл тармакта эмгектенген миңдеген мекендештерибиз үчүн да каржылык пайда алып келери айтпаса да түшүнүктүү.

Андыктан сиздерден чоң өтүнүч – өлкөгө келген ар бир туристке, ар бир чет элдик жаранга меймандостугубузду, жогорку маданиятыбызды көрсөтөлү.

Алардын ар бири өз өлкөсүнө кайтканда Кыргызстанды жакшы жагынан таанытабы-жокпу сиздердин аларга карата мамилеңиздерден көз каранды. Жакшы таасир алып кетишсе кийинки жылдары дагы сөзсүз келишет.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>