Аквапарктагы окуучунун өлүмү: Куткаруучу кармалды

Аквапарктагы окуучунун өлүмү: Куткаруучу кармалды

“Ала-Тоо” аквапаркында окуучунун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иштин алкагындагы иликтөө иштери Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Анын айтымында, учурда тергөө иштери уланууда.

“Бишкек районунун Октябрь районунун прокуратурасынын көрсөтмөсү боюнча милиция кылмыш ишин козгогон. Иштин алкагында аквапарктын куткаруучусу кармалды. “Ала-Тоо” аквапаркынын бардык кызматтык адамдарына юридикалык баа берилди”, — деп билдирди ал.

Буга чейин аквапаркта чөгүп кеткен баланын апасы окуя боюнча түшүндүрмө берген. Бишкек шаардык мэриясы бул окуяга тиешеси бар делген 6 мугалим, башталгыч мектептин завучу иштен бошотулганын билдирген. Учурда милиция териштирүү иштерин улантууда.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Аквапарк

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>