АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Араван районунда өрүк бышып, сатыкка чыкты
18.05.2026 | 13:20

Ош облусунун Араван районунда өрүк бышып, сатыкка чыга баштады. Бул тууралуу Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн дыйкандары алгачкы түшүмдү жыйнап, өрүктүн бир килограммын 150–180 сомдон сатышууда.
Араван району өлкөнүн эң ысык жана түшүмдүү аймактарынын бири болуп саналат. Бул жерде дыйкандар жашылча- жемиштерден жылуулук көп талап кылынган мөмөмөлөргө чейин өстүрүп, жылына эки-үч жолу түшүм жыйнашат. Араванда өстүрүлгөн жемиштер Казакстан менен Орусия сыяктуу өлкөлөргө экспорттолот.