Араванда дайынсыз болуп изделип жаткан жаран киши колдуу болуп каза болгон

Араванда дайынсыз болуп изделип жаткан жаран киши колдуу болуп каза болгон

Араван районунда дайынсыз болуп изделип жаткан жаран киши колдуу болуп каза болгон. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрда 22 жаштагы Ю.Ж. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында атасы 20-ноябрда Россияга барам деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун билдирген.

Милиция кызматкерлери тарабынан аталган факты боюнча ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө изделип жаткан жаран 52 жаштагы Ю.К. киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү аныкталып, кылмышка шектүү катары ушул эле райондун тургундары 34 жаштагы А.Б., 28 жаштагы Ш.О. жана 27 жаштагы Р.Ф. аттуу жарандар кармалып, тергөө башталган.

Аталган факт Араван РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренесинде («Киши өлтүрүү») каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө адам өмүрүн алган бул окуяга маркум менен кылмышка шектүүлөрдүн ортосунда аласа-бересе себеп болгону аныкталды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>