Парламент үч депутаттын кол тийбестигин алуу маселесин карайт

Парламент үч депутаттын кол тийбестигин алуу маселесин карайт

Эртең, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. Жалпы жыйынында депутаттар Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн депутаттык комиссия түзүү маселесин карайт. Бул тууралуу маалымат парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров «Кумтөр» иши боюнча камалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын карап, 2022-жылдын 30-январына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ошондой эле Бактыбек Жетигенов 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырылган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу, бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>