Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Арча-Бешиктен табылган ымыркайдын абалы айтылды
21.11.2023 | 22:37
Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев Арча-Бешик конушунан табылган, ташталган ымыркай жаткырылган №2 төрөт үйүнө барды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Жолугушууда аким ымыркайдын абалы менен таанышып, дарыгер менен баарлашып, администрация тарабынан бардык керектүү жардамдар берилерин белгиледи.
Баланын абалы туруктуу, ага тийиштүү кам көрүү жана тамактануу каралган.
Эскерте кетсек, ымыркай Кара-Кужур көчөсүндөгү жеке үйдүн тосмосунун жанынан табылган, ал желим баштыкка оролуп, кутунун ичинде болгон. Баланын салмагы 3 кг 465 граммды түзөт.
“Кечиксек, бөбөк чарчап калмак”. Бишкекте көчөгө ташталган дагы бир ымыркай табылды (видео)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар