Мектептин 4-кабатынан секирүүгө аракет кылган адам куткарылды

Мектептин 4-кабатынан секирүүгө аракет кылган адам куткарылды

21-ноябрь күнү, саат 17:27де Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Бишкектеги №5 мектептин 4-кабатынан секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткан жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат 112 кызматына түшөр замат жерине саат ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Эрнест Жусупов, орун басары полковник Сталбек Абдылда уулу баш болгон Куткаруу кызматынын 10 куткаруучусу тартылган.

Куткаруучулар мектептин психологу менен биргеликте сүйлөшүүгө аракет жасап жаткан учурда, экинчи топтогу куткаруучулар чатырдан альпинисттик шаймандар менен түшүп, жарандын өмүрүн сактап калышкан.

Өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран 1987-жылы туулган И.А. аттуу эркек киши. Такталган маалымат боюнча ал мектептин кызматкери эмес.

Учурда аны куткаруучулар Ички иштер министрилигинин кызматкерлерине өткөрүп берип, тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>